Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 13/1
11-ноябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине инвентар алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине инвентарь алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 10-ноябрындагы элдик жыйындын №07 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 900 000(тогуз жүз мин) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине инвентарь алуу боюнча долбоору жактырылсын.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
