Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын           X кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 12/3

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          

X кезектүү сессиясынын

ТОКТОМУ № 12/3

3-ноябрь 2025-жыл                                                                                                                               Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/«Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/1«Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтому менен бекитилген сметада муниципалдык кызматкерлерди окутууга деп каралган акча каражатынан Кыргыз Республикасынын 18.05.2025-жылдагы «Сырткы видеокѳзѳмѳл камераларын орнотуу иштерин күчѳтүү жѳнүндѳгү» №103 мыйзамынын 8-беренесинде «СВБТ менен жабдуу жаатындагы мамлекеттик жѳнгѳ салуу коомдук тартипти, инсандын коомдун коопсуздугун камсыз кылуу жана кылмыштуулукка каршы күрѳшүү чѳйрѳсүндѳгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте ишке ашыруу» талаптарына  ылайык Жан-Булак айыл аймагынын кире беришине орнотулган видеобайкоону интернет менен камсыз кылууга 25000 (жыйырма беш мин), ал эми айыл ѳкмѳттүн кызматкерлеринин сапар чыгымдарына 20000 (жыйырма мин) сом акча каражаты жылдырылсын.

 

  1. Бюджетте башка чыгымдарга деп каралган акча каражатынан «Муниципалитет» журналына 5 даана журналга жазылууга 15000(он беш мин) сом акча каражаты которулуп берилсин.

 

 

  1. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрайым                                                                                                                А. Ѳзгѳрүшова

 

Leave a Reply