Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын X кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 10/4
15-октябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/«Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/1«Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтому менен бекитилген сметада бюджеттик мекемелерге ПГУ алууга каралган акча каражатынан тендер аркылуу алуудан үнѳмдѳлгѳн:
- А. Жутакеев атындагы орто мектебине ПГУ алуудан үнѳмдѳлгѳн 60000 (алтымыш мин) сом акча каражатын Ж. Ишеналиев атындагы клубуна ѳнүктүрүү фонду аркылуу алынып жаткан «ЛЭД» эрканга ылайыкташтырып керектүү жабдууларды камсыз кылууга, клубдун ичин карангылатуучу (блекаут) парда алууга жана жарыктандыруусун жакшыртууга жылдырылсын.
- «Умсунай апа» бала бакчасына ПГУ алуудан үнѳмдѳлгѳн 85000 (сексен беш мин) сомдон айыл ѳкмѳткѳ ПГУ алууга 35000 (отуз беш мин) сом жылдырылсын. Ал эми айылга кире беришиндеги арканын жарыктандыруусуна 50000 (элүү мин)сом акча каражаты жылдырылсын.
- Айыл чарба каттоого деп каралган 50000 (элүү мин) сом акча каражаты мамлекеттик атрибуттар алмашкандыгына байланыштуу (герб, желек) айыл ѳкмѳттүн стенддерин жаныртууга жылдырылсын.
- Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары К. Арстанбеков
