1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктайбыз!

1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагындагы «Умсунай -АПА» бала бакчасында бөбөктөр үчүн кызыктуу жомок дүйнөсүнө саякат уюштурулуп, ар түрдүү оюн-зооктор менен көңүлдүү майрам өткөрүлдү! 🎭🎨 Ал эми “Жылдыз” бала бакчасында тарбиялануучулар тарабынан даярдалган концерттик иш-чара уюштурулуп, балдар ыр, бий аркылуу майрамдык маанай тартуулашты. 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата эки айылдын бала бакчаларында өткөрүлгөн майрамдык иш чарага утурлай Жан-Булак айыл өкмөт кызматкерлери тарабынан бала бакчаларда тарбияланып жаткан 120 бөбөккө бал муздак таратылып алардын кубанычы менен таттуу бөлүшүлүп, өзгөчө майрамдык маанай тартууланды.
Балдар — биздин келечегибиз, биздин бактыбыз! Ар бир баланын жүзү жаркырап, балалык доору коопсуз жана бактылуу өтүшүн тилейбиз! 🌟💫

Leave a Reply