Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/5
Жан-Булак айылы 28-январь 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын төлөмдөрүн бекитүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын таштап чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн бекитүү максатында Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат;
- Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери жана ишканаларда, мекемелерде иштеген ар бир жумушчуларга санын эсепке алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө тазалык жыйымы бекитилсин;
ЖОБ органдарында, жалпы билим берүү, саламаттыкты сактоо жана маданият тармагында эмгектенген кызматкерлерге, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине бир жылга, киши башына -100 сомдон;
Айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга(дүкөн, мончо, чач тарач ж.б) бир жылга, ар бир чарчы метрине-10 сомдон;
- Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Акматов
