Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 5/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын                      V кезектүү     сессиясынын

ТОКТОМУ № 5/2

    Жан-Булак айылы                                                                               4-апрель  2025-жыл

 

Жан-Булак айылында  Айыл чарба жумуштарынын бааларын  жана мал багуучулардын көчүп конуусу боюнча  графиктерин аныктоо жана  малдын багуусунун бааларын бекитүү  жɵнүндɵ

 

 

Жан-Булак айыл  аймагынын  2025-жылдын 3-апрелиндеги  жалпы чогулушунун                № 2 пртоколунун,   Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депуттарынын статусу жɵнүндɵ”Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна  ылайык  угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышындагы V- кезектүү  сессиясы токтом кылат:

 

  1. 2025-жылдын 3-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айыл  чарба  жумуштарынын   баалары тɵмɵндɵгү  баада бир гектар жер аянтына  бекитилсин
  • Жер айдоо  дын жер  2000 (эки мин  )сом, күйүүчү майы 30 литр

Аныз жер -1800 (Бир мин сегиз  жүз )сом , күйүүчү майы 25 литр

  • Тырмоо 800 (сегиз жүз элүү ) сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Эки жолу тырмоого -1600(Бир мин алты жүз )сом, күйүүчу майы -15 лтр
  • Себүү 800 (сегиз жүз ) сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Арык тартуу 250 сом, күйүүчү майы келишим менен,ɵстɵн арык метри 5 сом майы ичинде
  • Дан-эгин чабуу 2000 (эки мин ) сом, күйүүчү майы 20 – литр
  • Жатка менен чөп чабуу  1500(Бир мин беш жүз ) сом, майы 10 литр
  • Чөп тартуу Нарын шаарына  1 боого 20- 25 сом ылдыйкы бригада, өйдөкү бригада боюнча
  • Айыл ичине чөп тартуу 8 (сегиз) сом
  • Чɵп престөө(бир пресс үчүн)   9 (тогуз)сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Дан эгин кара сугат 3000 (үч мин ) сом
  • Көп жылдык чөп сугаруу 2000 (эки мин )сом. Келишим менен.
  • Погрузчик -2000с 20литр майы менен,1 саатка моточас
  • Жүгөрү жыйнай турган комбайн  -чабуу алдында чечилет

 

  1. Жан-Булак айыл аймагында мал багуу,кɵчүп конуу .чабандардын мал багуудагы кызмат акысы  тɵмɵндɵгүдɵй  баада           бекитилсин
  • Майда жандык (кой, эчки) бир башка – 70 (жетимиш ) сом,жайыт акы  ичинде.чабандардан  алынат
  • Бодо мал башына – 500 (беш  жүз) сом .
  • Баданы 1-майга чыгаруу , токойго, ɵзүнүн жерине аркандагандарга тыюу салынат.Штраф -1000(мин )сом.
  • Корук 20 -25 -апрелге чейин кɵчүрүү,
  • Чон жайлоого кɵчүрүү –айыл ичинен кɵчүрсɵ 10000 (он мин )с,ички жайыттан алып кетсе 12000 (он эки мин )
  1. Жан-Булак айыл аймагындагы жергиликтүү керектѳѳчүлѳрүнѳ сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү ,ирригациялык системаларын .жайыт инфраструктурасын жакшыртуу ,тазалык кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирип , “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын  таза суу ,сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнүн төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн
  2. Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына – 200  сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 18 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 90 сом.

              2.Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына – 300 сом..

-Кой жана эчки бир башына – 30 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 150  сом

              3.Ирригация системаларын  колдонуучулар үчүн.

1га суугат  суу үчүн – 400с

Огород үчүн  – 50с

            4.Ичүүчү суу менен камсыздоо

4.1Чарбалык обьектилер :

Мектеп-400с (айына)

Бала бакча -300с (айына)

ФАП – 200с(айына)

Баня  – 600с (айына)

Мал бордоо- 400(айына)

4.2 Жан-Булак айылы -Ар  бир түтүн  таза сууга  -200с

Достук айылы – Ар  бир түтүн  таза сууга    -100с

           5.Тазалык жыйымы үчүн

 5.1  Жан-Булак айылы – Ар бир түтүн – 100с

Достук айылы Ар бир түтүн -100с

4.Жайыт  малчыларды айыл аймактан  25-апрелден баштап кɵчүп кетүүсүн ,ал эми чон  жайытка 25-июнга чейин кɵчүүсүн жана күз мезгилинде 1-октябрдан баштап айыл аймакка кɵчүп  келүүсүн тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы милдеттендирилсин.

4.Мыйзам бузган учурларда административдик айып салынары эскертилсин.

 

 

 

Тѳрага                                                                                                       С.Акматов

Leave a Reply