Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅤII кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ №7/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын

ⅤII кезектүү сессиясынын

 

ТОКТОМУ №7/2

Жан-Булак айылы                                                                                           16-июль  2025-жыл

 

Зоналык коэффициенттерди (Кз) жана нарктык зоналарды бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 388- жана 404-беренелерине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын айрым мыйзамдык актыларына ылайык жүргүзүлгөн административдик-аймактык реформаларга таянып, айыл аймагындагы салык салуу базасын тактоо жана жөнгө салуу туралуу айылдык кенештин тɵрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын ⅤII кезектүү  сессиясы токтом кылат:

 

1.Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан   айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору жана үй жанындыгы короо алдындагы пайдаланган  багбанчылык чарба жер тилкесинин салыгы   боюнча зоналык коэффициент (Кз) өлчөмү 1 ченден 1,5 ченге көтөрүлүп бекитилсин.

 

2.Жаңы түзүлгөн, же административдик-аймактык реформанын негизинде Жан-Булак айыл аймагына кошулган аймактарга да ушул коэффициент колдонулсун.

 

  1. Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору жана үй жанындыгы короо алдындагы пайдаланган багбанчылык чарба жер  участокторунун көтөрүлүп бекитилген зоналдык коэфициенти менен иш алып баруу жагы Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн салык адисине  милдеттендирилсин.

 

 

4.Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, https://jan-bulak.gov.kg/ веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

5.Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                 С.Акматов

Leave a Reply