Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 9 /2 01-сентябрь 2025-жыл

 

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          IX кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ № 9/2

  01-сентябрь 2025-жыл                                                                                                                                                                 Жан-Булак айылы

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ

 

Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы  № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдоруна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          кезексиз сессиясы токтом кылат:

  1. Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь  2025-жылдагы    № 3/2  «2025-жылдын башына карата калган акча каражатын пайдалануу» жѳнүндѳ токтомдору менен бекитилген сметада «Машиналар жана камсыз кылуулар» багытындагы Жан-Булак айылынын К. Алмакунов жана Т. Мамырканов кѳчѳлѳрүнѳ алынган прожекторлорду тендер аркылуу алуудан үнѳмдѳлгѳн 139500(бир жүз отуз тогуз мин беш жүз) сом акча каражатынын 102200 (бир жүз эки мин эки жүз) сомун столба алууга, 37300 сомун Нарын токой чарбасынан алынган бак-дарактардын карызын тѳлѳѳгѳ жумшалсын.

 

Достук айылдык клубунун кире беришине чатырча орнотууга каралган 233000 (эки жүз отуз үч мин) сом акча каражаты аппараттын счетуна отуруп калгандыктан, клубдун счетуна жылдырылсын.

 

  1. Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

 

 

Төраганын орун басары                                                                                                                                             К. Арстанбеков

 

 

 

Leave a Reply