НАРЫН РАЙОНУНДА “БАБА САЛТЫ, ЭНЕ АДЕБИ» ЭТНО-ФЕСТИВАЛЬ БОЛУП ӨТТҮ

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик” жарлыгынын алкагында, 2025-жылдын 19-июлунда Нарын районунун Кайыңды айылында “Баба салты, эне адеби” аталышындагы этно-фестиваль болуп өттү.
Иш-чаранын негизги максаты — улуттун өзөгүн түзгөн тарыхый салт-санааны, үрп-адатты, нарк-насилди кеңири көрсөтүү жана жаш муунга кыргыз элинин маданий баалуулуктарын таанытуу.
Маданий иш-чарага Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Нуридин Мадимаров, Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Айдана Иманалиева, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлү Атыркул Сейизова жана башка кадырлуу коноктор, айыл тургундары, чет элден келген туристтер катышты.
✅Фестивалды откорууго Маданият, маалымат жана туризм министрлиги колдоо корсотуп, министрлик тарабынан акчалай сыйлыктар берилди.

Leave a Reply