Кыргызстанда жыл сайын “1-сентябрь” “Билим куну” катары белгиленет. Мындай иш-чаралар бугун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Жутакеев жана Достук орто мектептеринде дагы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жан-булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев , Достук айылынын айыл башчысы ошондой эле эки мектепте окуган бардык окуучулар, мектеп жамааты менен бирге эле ата-энелер да катышышты. Бул күн баары үчүн кубанычтуу күн, көбүнчө 1-класстар үчүн анткени аларга жаңы жашоо башталат, жаңы кадамдар, жаңы максаттар коюлат. Ушундай эле иш чара Жан-Булак айылындагы «Умсунай-Апа» жана Достук айылындагы «Жылдыз» балдар бакчаларында дагы өтүлдү.
Айта кетсек 2024-2025-окуу жылына карата 480 саат даярдоо классына 59 окуучу,1-класска 50 окуучу кирип, жалпы 641 окуучу окуйт жана коллективде 63 мугалим 2 китепканачы эмгектенет. Ал эми бала бакчаларда 150 тарбиялануучу тарбияланып,12 тарбиячы эмгектенет. Мектептерде өзүн-өзү башкаруу уюмдары иштейт.
Салттуу түрдө бул күнү окуу жылынын салтанаттуу ачылышы, класстык сааттар, ошондой эле, билим, илим, дүйнө,коопсуздук, жаратылыш, тиричилик, кайраттуулук ж. б. сабактар өтүлөт.