Элет туризм. Жан-Булак айылынын тургундары ички жана сырткы туристтерди тейлөө менен киреше табууда.

Айылдык туризм шаардык аймактардан тышкаркы жашоону сезүүгө басым жасаган саякаттын бир түрү. Ал айыл жериндеги жаратылыштын кооздугун, маданиятын жана каада-салттарын изилдөө жана баалоо айланасында айланат.

Андан тышкары, айылдык туризм жергиликтүү жамааттардын туруктуу өнүгүүсүнө олуттуу салым кошот. Азыраак изилденген аймактарга туристтерди  тартуу менен ал жергиликтүү экономиканы стимулдайт, чакан бизнести колдойт жана маданий мурастарды сактоого жардам берет.

Ушундай иш чаралар  Жан-Булак айыл аймагында дагы болуп, айыл аймактын   тургундары Өзгөрүшөва Айгерим жана Ыманбекова Нурзада   ушул жылдын жай мезгилинен тарта, жаңыча идеялары  менен айыл жерлерине  конок үйлөрдү(боз үй)  ачып иштете баштаган. Иштин өзгөчөлүгү –  элет жериндегилерге жана сырттан келген туристтерге  боз үйлөрдү тигип, баардык шарттары менен эс алып кеткенге  ылайыктуу кылып, шарттап берүү.  Алыскы, тоолуу аймактарда жайгашканына карабай, мындай конок үйлөргө кызыгып келген коншу айылдардын тургундары жана  туристтер арбын экен. Тургундарыбыз бул иштери  аркылуу элет жериндеги туризимдин өнүгүшүнө салым кошуу менен, жумушсуз адамдарга киреше булагы пайда болуп жатканын айтышат. Айылга туристтердин  тынымсыз агымы жумуш менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп, аймактын экономикалык гүлдөшүнө олуттуу салым кошууда.

Leave a Reply