2024-жылдын 8-августунан тартып 11-августуна чейин Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнөн тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган Семинарга ар бир тармак боюнча(маданият, билим берүү, муниципалдык кызматкер ж.б) 21 делегат келип, катышышты. Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Н.Мадимаров дагы катышып, район боюнча жасалып жаткан , ишке ашкан иштер боюнча маалымат берип, айыл чарбасындагы жетишкендиктер жана кемчилдиктер жөнүндө олуттуу маселелерди айтып өттү.
Ошондой эле Семинардык алкагында делегаттар айыл өкмөтүнө тиешелүү болгон баардык социалдык обьектилер жана мекемелер менен таанышып, айыл чарбасында жана Муниципалдык кызматтагы жетишкендиктери, инвесторлор менен иштөөсү жөнүндө маалыматтар берилди.
Андан ары Нарын облусунун тарыхый жайлары деп эсептелинген Таш-Рабат жана Кошой Коргонго барып, кайтышты.
Келген делегаттар тарабынан жылуу пикирлер айтылып семинар кызыктуу болуп максатына жетти.