1-Июнь балдарды коргоо куну -Жан-Булак айыл аймагы

“Эл аралык балдарды коргоо күнү” жыл сайын жай айынын биринчи күнүндө белгиленет. 2024-жылдын 1-июнь күнү Нарын  районундагы Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында    майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, эки этапта  жогорку денгээлде өткөрүлдү.

Биринчи этабында айыл аймака караштуу Достук айылында жайгашкан  “Жылдыз» балдар бакчасынын тарбиячылары жана тарбиялануучулар тарабынан даярдалган  концерттик программа тартууланды. Иш-чара Достук айылдык клубунда өткөрүлдү.

Майрамга айыл өкмөтүнү башчысы, мекеме жетекчилер, ата-энелер  келип катышышып, балдарга куттуктоо сөздөрүн айтышты. Балдарга ар түрдүү белектер, шириндиктер берилди.

 

Иш чаранын аягында  Ат-Башы ГЭСинин профсоюз уюму тарабынан айыл ичиндеги  300 балага балмуздак таратылып,жаш балдар арасында  ыр, бий боюнча конкурстар өткөрүлдү.

 

Экинчи этап  Жан-Булак айылындагы «Умсуна-Апа» балдар бакчасында уланып, бала бакчада тарбияланып жаткан жаш жеткинчектердин чакан концертине күбө болушту.

 

 

Leave a Reply