Кечээ, 1-май күнү Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын демилгеси менен 1-май Эмгекчилердин күнүнө карата айыл аймактагы мекемелердин айымдары арасында ынтымакты бекемдөө жана ден соолукту чындоо максатында Апсалиев Ташболот атындагы спорт ордосунда волейбол оюну уюштурулду.
Иш-чаранын негизги максаты ;административдик- аймактык реформадан кийин эки айылдын ынтымагын бекемдөө, аялдарды спортко тартуу жана ден соолукту чындоо.
Жободо белгиленгендей оюнга Достук айылынан 2 команда, ал эми Жан-Булак айылынан 3 команда чыгып, топту жакшы кармоо техникасын жана спорттук жакшы даярдыкты көрсөтүштү. Күйөрмандар өз командаларын толкундануу менен кубатташты. Оюндун жүрүшүндө Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Г.Маматбаева сөз сүйлөп, катышуучуларга ийгиликтерди каалады.
Мелдештин соңунда спорттун волейбол түрү боюнча аялдар арасында I орунду Достук айылынын “Достук” курама командасы;
II орунду Достук орто мектебинин курама командасы,
III орунду Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн “Асылзат” командалары камсыз кылышты.
Спорттук мелдеш жогорку дегээлде өткөрүлүп, катышуучулар уюштуруучуларга ыраазычылыктарын билдиришти, ошондой эле уюштуруучулар тарабынан катышуучуларга диплом жана баалуу белектерди тапшырышты.
Айыл аймакта мындай иш-чара дагы да улантылат.