Бүгүн, 26-апрелде Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө” № 85 Жарлыгына ылайык “Пилоттук негизде жүргүзүлгөн административдик аймактык реформанын жыйынтыгы, нормативдик укуктук актылардын
аткарылышы боюнча Нарын районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун өкүлдөрүнүн катышуусунда, райондук семинар болуп өттү.
Өткөрүлгөн иш чаранын негизги максаты: административдик-аймактык реформа жүргүзүлгөндөн кийин айыл өкмөтүндөгү социалдык, экономикалык жактан өнүгүү, айыл аймагындагы тургундардын жашоосун жакшыртуу жана жеңилдетүү, элге сапаттуу кызмат көрсөтүү жана инфраструктураны чыңдоо багытындагы жасалган иштер жана иш кагаздары менен Тогуз-Торо районунан келген жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүн тааныштыруу жана тажрыйба алмашуу болгон.
Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясыны башчысы-аким Н.Мадимаров катышуучуларды куттуктап, бул иш-чаранын ролун белгилеп, анын жыйынтыгы боюнча Нарын облусунун аймагында жайгашкан айыл өкмөттөрдө ийгиликтүү ишке ашканын баса белгилеп, учурда айыл өкмөттөрдүн жергиликтүү бюджетинде өнүгүү үчүн каражаттар пайда болуп, айыл аймака ачылган “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын ички чарбалык каналдарды тазалоо, жазгы айдап себүү, жайыттарга барган жолдорду ондоо сыяктуу жана башка чарбалык иштерде бир топ жумуштар жүргүзүлүп жаткандыгына токтолду. Ошондой эле аймактарды ирелештирүү мезгилинде Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жүргүзгөн иш кагаздарына жана жетишкен ийгиликтерине токтоло кетти.