Кечээ 21-апрель күнү Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгына ылайык, калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча үч айлык ишембиликтин алкагында, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Мадимаров Нуридин Султановичтин демилгеси менен “Улуттук тазалык күнүнө “карата флешмоб жана бак тигүү иш-чаралары жүргүзүлдү.
Иш-чарада айыл аймакта жайгашкан А.Жутакеев жана Достук орто мектептеринин 9-10-11-классынын балдары тарабынан флешмоб өктөрүлүп, жаш жеткинчектер айылыбызды таштандылардан кантип сактоо, айлана чөйрөгө кандай мамиле кылуу тууралуу тарбиялык мааниде чакан сценкаларды тартуулашты. Ошондой эле Улуттук тазалык күнүнө карата жөө жүрүш өткөрүлдү.
Андан сырткары Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Мадимаров Нуридин Султановичтин сөз сүйлөп, админстрация жана айыл өкмөтү тарабынан алынып келинген бак-дарактардын көчөттөрүн мекемелерге таратып, жалпы журтка өнүп өсүүнү каалады. Андан соң бак тигүү иш-аракеттери башталды.
Бул ирет бак тигүү иш-чарасы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн имаратынын тегерегинде айылдык мекеме жетекчилердин, мекеме ишканалардын кызматкерлеринин жана жергиликтүү тургундардын катышуусунда өттү.
Жалпы 56 даана терек, 56 мажүрүм тал , 10 ийне жалбырактуу карагай жана 5 даана ак кайың отургузулду.
Отургузулган көчөттөрдүн айланасына атайын тосмолор тосулуп, коргоого алынды.
Мындай иш-чаралар дагы да ар бир айыл өкмөттө, айылдарда уланат.