Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 8/3
Жан-Булак айылы 5-октябрь 2023-жыл
“АРИСтин «Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га жооп кайтаруу боюнча)»-КК АИД-3 долбоорундагы Ири долбоор (лор) “Достук орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана санузел орнотуу ” жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагында КК АИД-3түн алкагында айылдык аймагында жүргүзүлгөн долбоордук иш-чаралар жөнүндө жана ири долбоор (лор) “Достук орто мектебинин терезелерин алмаштыруу жана санузел орнотуу” боюнча айыл өкмөтүнүн башчысынын У.Боскунчиев жана Достук айылдык аймактын АКИА АКнын төрайымы Мамбетова Бурулсун Асанкуловнанын, маалыматын карап жана талкуулап, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 20-октябрь, 2021-жылдын № 123 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Ири долбоор (лор)- “Достук орто мекетбинин терезелерин алмаштыруу жана санузел орнотуу” жалпы бюджет 2млн.375 мин сом, а.и. АРИСтин гранты 2млн.175 мин сом, жергиликтүү бюджеттен кошумча каржылоо 200000 сом, бекитилсин.
2.Ири долбоор (лор)- “Достук орто мекетбинин терезелерин алмаштыруу жана санузел орнотуу” 2023-жылдын Жан-Булак айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүү планына жана инвестициялык планга киргизилсин;
3.Ири долбоордо көрсөтүлгөн объектти техникалык тейлөөгө жана пайдаланууга жергиликтүү бюджеттен чыгымдарды бекитилсин;
4.Айыл өкмөтүнүн башчысына У.Боскунчиевге ири долбоорду жана тиешелүү иш-кагаздарды АРИСке өз убагында берүү тапшырма берилсин;
5.Жергиликтүү бюджеттен өздүк салымга 200 000сом акча каражаты бөлүнүп берлилсин жана өз багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө финасы –экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек к Анарага , АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Мамбеткулов