Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 8/1

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXVIII чакырылышынын          VIII кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ № 8/1

Жан-Булак айылы                                                          05-октябрь 2023 жыл

 

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын  29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215  Жарлыгына ылайык,  Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды    өткөрүү максатында, Жан-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII  кезексиз сессиясы токтом кылат:

 

  1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
  2. Жан-Булак айыл аймагынын калкынын саны 3426 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 40 деп бекитилсин.
  3. Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  4. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча  жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү  боюнча Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак, Достук  айылдарына калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (№3 тиркемеге ылайык).
  6. Жан-Булак айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№4 тиркемеге ылайык).
  7. Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябры деп белгиленсин (№ 5 тиркемеге ылайык).
  8. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыга жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы  милдеттендирилсин.
  9. Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Г.Маматбаевага милдеттендирилсин.
  10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага                                                                                                                Э.Мамбеткулов

Comments are closed.