Урматтуу Жан-Булак айыл аймагынын тургундары!!! 2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо күнү!

2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын шайлоо болот. Көп мандаттуу болгондуктан 2 округ, калктын саны  3434, мандаттын саны 11, анын ичинен аялдар үчүн квота 4 болот. №4056 Достук шайлоо округу мандаттын саны 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн квота; №4050  Жан-Булак  шайлоо округу мандаттын саны 9, анын ичинен 3 мандат…

Continue reading

Жакшылык жасоо оңой!Жан-Булак айыл аймагы

Бүгүн 4-октябрь күнү Жан-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын колдоо жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында  айылдын  тургуну Орозалиев Бактыбек жана анан бир туугандары каза болгон апасы жана бир тууганынын ашын белгилөөдө мал союп, дасторкон даярдап айыл апаны чакырып тамак берип бата алуудан баш тартып, Жан-Булак айылындагы  Кары …

Continue reading

“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га чара көрүү боюнча)” долбоорунун алкагында Жан-Булак айыл аймагына атайын таштанды чыгаруучу техника алынды

Бугун 3-октябрь күнү  Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө АРИСтин АИД-3 КК долбоору  тарабынан  атайын  таштанды чыгаруу үчүн  техника тапшырылды. Долбоордун жалпы наркы   33 000$  түзгөн жана  бөлүнгөн акча каражатка КР Сатып алуулар Мыйзамдарына ылайык  конкурс  жарыяланган, конкурстун жыйынтыгында ОсОО “Кыргыз Триумф” фирмасы женүүчү деп табылган. Аталган фирма  үч тараптуу келишимдин …

Continue reading

Турак жайды камсыздандыруу – бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы!

Бугун 3-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук жана Жан-Булак айылдарында турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу  боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын  максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы  жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат Жыйынга айыл  аймактагы мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү калк жана …

Continue reading

2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо күнү!

     2024-жылдын 17-ноябры жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын шайлоо күнү деп белгиленгендиктен Жан-Булак айыл аймагынын жарандарынын Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттыгына талапкер болууга чакырабыз! Документ кабыл алуу 17-октябрда бүтүт.

Continue reading

Бир адамдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сыйланды.

Бүгүн, 10-сентябрь күнү Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган, өзү жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөткөн  милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жана Жан-Булак Айылдык кенешинин « Ардак  грамоталары» менен биргеликте 5 мин сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Айыл өкмөт башчысы …

Continue reading

Жан-Булак айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көмүр отуну менен камсыз болушту

Бүгүн 9-сентябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак жана Достук айылдарында  кирешеси 0-1000  сомду түзгөн аз камсыз  үй-бүлөөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр отуну таратылды. Таратылган көмүр отуну Жан-Булак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралган.  Каралган  73 689 мин сом акча каражатына  тоннасы  4466 сомдон  16 ,500 тонна көмүр отуну …

Continue reading

Жан-Булак айыл аймагында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы белгиленди

Бүгүн 31-август күнү  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Ат-Башы ГЭСинин жалпы жамааты тарабынан чон иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев, Достук айылынын айыл башчысы катышып, иш-чара  Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик Гимни менен ачылды. Андан ары  жетекчилерге сөз берилип, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине …

Continue reading

Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр үчүн социалдык контракт: Жан-Булак айылы

Бүгүнкү күндө, аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жан-Булак айыл аймагында  социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп, …

Continue reading

Жан-Булак айыл аймагына тиешелүү алыскы жайыттардын жолдору онолду

Жан-Булак айыл аймагында баардыгы болуп  42 156 гектар жайыт бар. Мал жайылган жайыттардын ролу айыл аймактын  экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Малчылардын айтуусунда, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жайыттарды туура пайдалануу маселеси арткы планда калып, жакшы көңүл бурулбай калган. Жайыттарды ижарага берүү менен эле жоопкерчиликти түртө салуудан улам, жайыттар каралбай, …

Continue reading