Урматтуу Жан-Булак айыл аймагынын тургундары!!! 2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо күнү!

2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын шайлоо болот. Көп мандаттуу болгондуктан 2 округ, калктын саны  3434, мандаттын саны 11, анын ичинен аялдар үчүн квота 4 болот. №4056 Достук шайлоо округу мандаттын саны 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн квота; №4050  Жан-Булак  шайлоо округу мандаттын саны 9, анын ичинен 3 мандат…

Толук окуу…

Жакшылык жасоо оңой!Жан-Булак айыл аймагы

Бүгүн 4-октябрь күнү Жан-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын колдоо жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында  айылдын  тургуну Орозалиев Бактыбек жана анан бир туугандары каза болгон апасы жана бир тууганынын ашын белгилөөдө мал союп, дасторкон даярдап айыл апаны чакырып тамак берип бата алуудан баш тартып, Жан-Булак айылындагы  Кары…

Толук окуу…

“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун алкагындагы кошумча каржылоо (COVID-19га чара көрүү боюнча)” долбоорунун алкагында Жан-Булак айыл аймагына атайын таштанды чыгаруучу техника алынды

Бугун 3-октябрь күнү  Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө АРИСтин АИД-3 КК долбоору  тарабынан  атайын  таштанды чыгаруу үчүн  техника тапшырылды. Долбоордун жалпы наркы   33 000$  түзгөн жана  бөлүнгөн акча каражатка КР Сатып алуулар Мыйзамдарына ылайык  конкурс  жарыяланган, конкурстун жыйынтыгында ОсОО “Кыргыз Триумф” фирмасы женүүчү деп табылган. Аталган фирма  үч тараптуу келишимдин…

Толук окуу…

Турак жайды камсыздандыруу – бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы!

Бугун 3-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук жана Жан-Булак айылдарында турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу  боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын  максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы  жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат Жыйынга айыл  аймактагы мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү калк…

Толук окуу…

КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР !!! 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында майрамдык иш-чара өттү.

Бугун 1-октябрь Карылар күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиев жана Достук айылынын айыл башчысы А.Турсунбеков катышты. Иш-чарага Достук айылында жашаган 65 жаштан 90 жашка чейинки карылар чакырылган. Чакырылган  карылар  Достук орто мектебинин окуучулары тарабынан  даярдалган  чакан…

Толук окуу…

2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо күнү!

     2024-жылдын 17-ноябры жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын шайлоо күнү деп белгиленгендиктен Жан-Булак айыл аймагынын жарандарынын Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттыгына талапкер болууга чакырабыз! Документ кабыл алуу 17-октябрда бүтүт.  

Толук окуу…

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан балдар ойноочу аянтча жана айылдык мечит жаштардын демилгеси менен ондоп түзөөдөн өткөрүлдү

2024-жылдын 7-8-август  күндөрү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында балдар ойноочу аянтча  жана айылдык мечит ондоп түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иш чараны Достук айылында туулган 1989-1990-жылкы уландар  демилге көтөрүп,өзүлөрү демөөрчү болушту. Айылдагы балдар ойноочу аянтча толугу менен сырдалып, тегереги тосулуп, скамейкалары калыбына келтирилди. Ошону менен бирге эле  айыл өкмөтү тарабынан балдар…

Толук окуу…

Бир адамдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сыйланды.

  Бүгүн, 10-сентябрь күнү Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган, өзү жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөткөн  милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жана Жан-Булак Айылдык кенешинин « Ардак  грамоталары» менен биргеликте 5 мин сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Айыл өкмөт…

Толук окуу…

Жан-Булак айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көмүр отуну менен камсыз болушту

Бүгүн 9-сентябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак жана Достук айылдарында  кирешеси 0-1000  сомду түзгөн аз камсыз  үй-бүлөөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр отуну таратылды. Таратылган көмүр отуну Жан-Булак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралган.  Каралган  73 689 мин сом акча каражатына  тоннасы  4466 сомдон  16 ,500 тонна көмүр отуну…

Толук окуу…

1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ КҮНҮ!

Кыргызстанда жыл сайын “1-сентябрь” “Билим куну” катары белгиленет. Мындай иш-чаралар бугун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Жутакеев  жана Достук орто мектептеринде  дагы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жан-булак айыл өкмөтүнүн  башчысы  У.Боскунчиев , Достук айылынын айыл башчысы ошондой эле   эки  мектепте  окуган бардык окуучулар, мектеп жамааты  менен бирге эле ата-энелер да…

Толук окуу…