jan-bulak.kg@mail.ru 0777 777 013  

Урматтуу Жан-Булак айыл аймагынын тургундары!!! 2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарын шайлоо күнү!


2024-жылдын 17-ноябры Жергиликтүү кенештеринин депутаттарынын шайлоо болот. Көп мандаттуу болгондуктан 2 округ, калктын саны  3434, мандаттын саны 11, анын ичинен аялдар үчүн квота 4 болот. №4056 Достук шайлоо округу мандаттын саны 2, анын ичинен 1 мандат аялдар үчүн квота; №4050  Жан-Булак  шайлоо округу мандаттын саны 9, анын ичинен 3 мандат…

Толук окуу…



Жакшылык жасоо оңой!Жан-Булак айыл аймагы


Бүгүн 4-октябрь күнү Жан-Булак айылында Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгын колдоо жана ысырапкорчулукка жол бербөө максатында  айылдын  тургуну Орозалиев Бактыбек жана анан бир туугандары каза болгон апасы жана бир тууганынын ашын белгилөөдө мал союп, дасторкон даярдап айыл апаны чакырып тамак берип бата алуудан баш тартып, Жан-Булак айылындагы  Кары…

Толук окуу…





Турак жайды камсыздандыруу – бүгүнкү күндүн актуалдуу темасы!


Бугун 3-октябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук жана Жан-Булак айылдарында турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу  боюнча жыйын болуп өттү. Жыйындын  максаты өрттөн жана табигый кырсыктан жапа чеккен тургундардын турак жайлары мамлекет тарабынан камсыздандырылышы  жана калктын маалымдуулугун жогорулатуу болуп саналат Жыйынга айыл  аймактагы мекемелердин кызматкерлери, жергиликтүү калк…

Толук окуу…

 




КАРЫСЫ БАРДЫН ЫРЫСЫ БАР !!! 1-октябрь – Карылардын эл аралык күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында майрамдык иш-чара өттү.


Бугун 1-октябрь Карылар күнүнө карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында майрамдык иш-чара өткөрүлдү. Иш чарага Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы У.Боскунчиев жана Достук айылынын айыл башчысы А.Турсунбеков катышты. Иш-чарага Достук айылында жашаган 65 жаштан 90 жашка чейинки карылар чакырылган. Чакырылган  карылар  Достук орто мектебинин окуучулары тарабынан  даярдалган  чакан…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан балдар ойноочу аянтча жана айылдык мечит жаштардын демилгеси менен ондоп түзөөдөн өткөрүлдү


2024-жылдын 7-8-август  күндөрү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында балдар ойноочу аянтча  жана айылдык мечит ондоп түзөөдөн өткөрүлдү. Бул иш чараны Достук айылында туулган 1989-1990-жылкы уландар  демилге көтөрүп,өзүлөрү демөөрчү болушту. Айылдагы балдар ойноочу аянтча толугу менен сырдалып, тегереги тосулуп, скамейкалары калыбына келтирилди. Ошону менен бирге эле  айыл өкмөтү тарабынан балдар…

Толук окуу…





Бир адамдын өмүрүн сактап калган милиция кызматкери Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү тарабынан сыйланды.


  Бүгүн, 10-сентябрь күнү Нарын шаарынын “Он-Арча” базарында болуп өткөн окуяда адам өмүрүн сактап калган, өзү жаш болсо да күтүүсүз окуяда кесиптик чеберчилигин көрсөткөн  милиция кызматкери Жеңиш Мукамбетов Жан-Булак айыл өкмөтүнүн жана Жан-Булак Айылдык кенешинин « Ардак  грамоталары» менен биргеликте 5 мин сом өлчөмүндөгү акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Айыл өкмөт…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагындагы аз камсыз үй-бүлөөлөр жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар көмүр отуну менен камсыз болушту


Бүгүн 9-сентябрь күнү Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак жана Достук айылдарында  кирешеси 0-1000  сомду түзгөн аз камсыз  үй-бүлөөлөргө жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга көмүр отуну таратылды. Таратылган көмүр отуну Жан-Булак айыл өкмөтүнүн  жергиликтүү бюджетинин эсебинен каралган.  Каралган  73 689 мин сом акча каражатына  тоннасы  4466 сомдон  16 ,500 тонна көмүр отуну…

Толук окуу…





1-СЕНТЯБРЬ БИЛИМ КҮНҮ!


Кыргызстанда жыл сайын “1-сентябрь” “Билим куну” катары белгиленет. Мындай иш-чаралар бугун Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу А.Жутакеев  жана Достук орто мектептеринде  дагы өткөрүлдү. Бул иш-чарага Жан-булак айыл өкмөтүнүн  башчысы  У.Боскунчиев , Достук айылынын айыл башчысы ошондой эле   эки  мектепте  окуган бардык окуучулар, мектеп жамааты  менен бирге эле ата-энелер да…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагында Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгы белгиленди


Бүгүн 31-август күнү  Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүктүн 33 жылдыгына карата Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Ат-Башы ГЭСинин жалпы жамааты тарабынан чон иш-чара өткөрүлдү. Иш-чарага Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиев, Достук айылынын айыл башчысы катышып, иш-чара  Кыргыз Республикасынын  Мамлекеттик Гимни менен ачылды. Андан ары  жетекчилерге сөз берилип, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине…

Толук окуу…





Аз камсыз болгон үй-бүлөөлөр үчүн социалдык контракт: Жан-Булак айылы


Бүгүнкү күндө, аз камсыз болгон жарандар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 15-июлундагы № 385 “Социалдык келишимдин негизинде социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө” токтомунда каралган социалдык контракт түрүндөгү мамлекеттик колдоодон пайдалануу аркылуу өздөрүнүн жашоо шартын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Жан-Булак айыл аймагында  социалдык контракттын негизинде социалдык жардам көрсөтүү боюнча комиссиянын биринчи отуруму болуп,…

Толук окуу…





НАРЫН РАЙОНУНУН ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ӨКМӨТҮНДӨ 08-11-АВГУСТ КҮНДӨРҮ ТАЖРЫЙБА АЛМАШУУ МАКСАТЫНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ


2024-жылдын 8-августунан тартып 11-августуна  чейин Нарын районуна караштуу Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Кулатов айыл өкмөтүнөн тажрыйба алмашуу максатында уюштурулган Семинарга   ар бир тармак боюнча(маданият, билим берүү, муниципалдык кызматкер ж.б) 21 делегат  келип, катышышты. Семинарга Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким Н.Мадимаров дагы катышып, район…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагына тиешелүү алыскы жайыттардын жолдору онолду


Жан-Булак айыл аймагында баардыгы болуп  42 156 гектар жайыт бар. Мал жайылган жайыттардын ролу айыл аймактын  экономикасы үчүн чоң мааниге ээ. Малчылардын айтуусунда, Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгондон бери жайыттарды туура пайдалануу маселеси арткы планда калып, жакшы көңүл бурулбай калган. Жайыттарды ижарага берүү менен эле жоопкерчиликти түртө салуудан улам, жайыттар каралбай,…

Толук окуу…





Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектептин ондоп түзөө иштери тууралуу


Жан-Булак айылында жайгашкан 1980-жылы,   400 орундуу болуп курулган А.Жутакеев атындагы орто  мектеп быйылкы жылы Капиталдык салымдар беренеси аркылуу ондоп түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.Долбоордун алкагында  мектептин  полдору толугу менен  жаныланат. Долбоордун жалпы суммасы 3 млн сомду түзүп, тендерлик суммасы 2 822 094 сомду түзгөн. Тендер өз убагында Мамлекеттик сатып алуулар Мыйзамынын талаптарына ылайык…

Толук окуу…





-Июнь балдарды коргоо куну -Жан-Булак айыл аймагы


“Эл аралык балдарды коргоо күнү” жыл сайын жай айынын биринчи күнүндө белгиленет. 2024-жылдын 1-июнь күнү Нарын  районундагы Жан-Булак  айыл өкмөтүнүн балдар бакчаларында    майрамдык иш-чаралар уюштурулуп, эки этапта  жогорку денгээлде өткөрүлдү. Биринчи этабында айыл аймака караштуу Достук айылында жайгашкан  “Жылдыз» балдар бакчасынын тарбиячылары жана тарбиялануучулар тарабынан даярдалган  концерттик программа тартууланды. Иш-чара…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагындагы бүтүрүүчүлөр үчүн Акыркы коңгуроо кагылды


Бүгүн Жан-Булак айыл аймагынын  орто мектептеринде  бүтүрүүчүлөргө арналган «Акыркы коңгуроо» салтанаттары  өткөрүлдү. Салтанатка мектеп окуучулары. Мугалимдер, ата-энелер,  район жана  мекемелердин, айыл өкмөтунун  жетекчилери катышты. Салтаныттын ачылышын Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын  аппарат жетекчиси Жээналиева Жыпара Садыковна ачып,  жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, аларды эмгекчил болууга, кесипти туура тандоого үндөдү.        …

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү мекемелердин айымдары арасында воллейбол оюну боюнча мелдеш болуп өттү


Кечээ, 1-май күнү Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппаратынын демилгеси менен 1-май Эмгекчилердин күнүнө карата айыл аймактагы мекемелердин  айымдары арасында ынтымакты бекемдөө жана ден соолукту чындоо максатында   Апсалиев Ташболот атындагы спорт ордосунда волейбол оюну уюштурулду.         Иш-чаранын негизги максаты ;административдик- аймактык реформадан кийин эки айылдын ынтымагын бекемдөө, аялдарды спортко тартуу…

Толук окуу…





Пилоттук негизде жүргүзүлгөн административдик аймактык реформанын жыйынтыгы, нормативдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча


Бүгүн, 26-апрелде Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин  2023-жылдын 3-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын Нарын облусунун айыл аймактарынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жөнүндө”  № 85  Жарлыгына ылайык  “Пилоттук негизде  жүргүзүлгөн административдик аймактык реформанын жыйынтыгы, нормативдик укуктук актылардын аткарылышы боюнча Нарын районунда, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун өкүлдөрүнүн катышуусунда,  райондук семинар…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө 21-апрель Улуттук тазалык күнүнө карата иш-чара өткөрүлдү

Кечээ 21-апрель күнү  Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы  №305 Жарлыгына ылайык, калктуу конуштардын санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу көрктөндүрүү боюнча   үч айлык ишембиликтин алкагында, Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы -аким  Мадимаров Нуридин  Султановичтин демилгеси менен “Улуттук тазалык күнүнө “карата флешмоб жана бак тигүү…

Толук окуу…





Жан-Булак айыл аймагында 3 айлыктын алкагында ишембилик уланууда.


  Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 6-сентябрындагы №305 Жарлыгын аткаруу максатында жана  Жан-Булак айыл аймагынын калктуу конуштарынын социалдык инфраструктурасын, санитардык жана экологиялык абалын жакшыртуу, аймактарды жашылдандыруу жана көрктөндүрүү боюнча үч айлык ишембиликтин алкагында Жан-Булак жана Достук айылдарына  кеткен сугат суу каналы тазаланып, суу бергенге даярдалды. Мындан сырткары бөлүнгөн аймактарга мекеме кызматкерлери…

Толук окуу…






Жан-Булак айылдык китепканасында «Жомок артынан жомок» деген темада иш чара болуп өттү.


  Жан-Булак айылдык китепканасында 2-апрель Эл аралык балдар адабиятынын күнүнө карата «Жомок артынан жомок» деген темада иш чара өтүлдү. Иш чарага «Умсунай апа» бала бакчасынын бөбөктөрү келишип, кызыктуу жомокторду угуп, кетишти  

Толук окуу…





Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Достук айылында 2-апрель Балдар адабияты күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.


  Достук айылдык Ж. Шералиев атындагы китепканада 2-апрель Эл аралык балдар адабияты күнүнө карата Достук орто мектебинин 4-классынын окуучулары, класс жетекчиси Курманбек кызы Мира, китепканачы Г. Мамбеткулова тарабынан даярдалган «Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деген темада адабия кече болуп өттү. Кечеге башталгыч класстын окуучулары, «Жылдыз» балдар бакчасынын жогорку тайпасынын…

Толук окуу…





Достук орто мектебинде «Мугалим өзгөрсө коом өзгөрөт» аталыштагы мугалимдерге семинар болуп өттү


  «Калем лидерлер академиясы» жана «Тоо балдары»  коомдук фондунун колдоосу менен «Лидер мугалим» долбоорунун алкагында Достук айылындагы Достук орто мектебинде «Мугалим өзгөрсө коом өзгөрөт» аталыштагы мугалимдерге семинар болуп өттү. Семинарга Эл аралык тренер Абдыбеков Байыш Майрекович агай, психолог, теолог коомдук ишмер Мамбетасан Ибраев агай, Ислам өнүктүрүү фондунун негиздөөчүсү, түрколог Айнура…

Толук окуу…