Жан-Булак айылындагы А.Жутакеев атындагы орто мектептин ондоп түзөө иштери тууралуу

Жан-Булак айылында жайгашкан 1980-жылы,   400 орундуу болуп курулган А.Жутакеев атындагы орто  мектеп быйылкы жылы Капиталдык салымдар беренеси аркылуу ондоп түзөө иштери жүргүзүлүп жатат.Долбоордун алкагында  мектептин  полдору толугу менен  жаныланат. Долбоордун жалпы суммасы 3 млн сомду түзүп, тендерлик суммасы 2 822 094 сомду түзгөн. Тендер өз убагында Мамлекеттик сатып алуулар Мыйзамынын талаптарына ылайык жүргүзүлүп, тендерди   «Азалия Холдинг»  Жоопкерчилиги чектелген коому утуп алып, учурда ондоп түзөө иштеринин 60% бүтүп, келишимде көрсөтүлгөн мөөнөттө бүтүрүлөөрү белгиленүүдө. Аткарылып жаткан иштердин сапаттуулугу жана мөөнөтү көзөмөлгө алынып жатат.

Leave a Reply