Достук айылдык Ж. Шералиев атындагы китепканада 2-апрель Эл аралык балдар адабияты күнүнө карата Достук орто мектебинин 4-классынын окуучулары, класс жетекчиси Курманбек кызы Мира, китепканачы Г. Мамбеткулова тарабынан даярдалган «Сен китепти ачсан, китеп сени ачат» деген темада адабия кече болуп өттү. Кечеге башталгыч класстын окуучулары, «Жылдыз» балдар бакчасынын жогорку тайпасынын балдары катышты.
Кечеге аксакалдар сотунун төрайымы Рая Жумалиевна эже, балдар бакчасынын улуу тарбиячысы Мустапаева Алтынай, айылдык клубунун башчысы Айзада Исмаилова жомокторду көркөм окушту.
Ошондой эле китепкананын окуу залы майрамдык маанайда жасалгаланып, китеп сүрөт көргөзмөлөрү чыгарылып, китепканачы тарабынан баяндама берилди.
2-апрель Эл аралык балдар адабиятынын белгиленген тарыхын 4-класстын окуучусу Исмаилова Алия кенири баяндап, Даниялык белгилүү балдар жазуучусу Ганс Христиан Андерсендин туулган күнүнүн урматына белгиленгенин жана жазуучунун чыгшармачылык жолуна токтолду.