21-март Нооруз майрамына карата Жан-Булак айыл өкмөтүнүн Достук айылында «Жылдыз» бала бакчасынын жалпы жамааты Нооруз майрамына карата ыр кесе тартуулашты. Башканы коюп Манасты айт дегендей Манастан үзүндү айтышты. Ыр кесе Умай эненин аластоосу менен башталды. Күү чертилип, элдик ырлар, акыйнек айтышуу, кичинекей балдардын зал жанырта бийлери менен коштолду. Сүмөлөктү жаралуу уламышын сахналаштырып коюшуп, тамашалуу ыр, жеке номер, айымдардын чимирилте бийлеген бийлери менен элдин маанайын көтөрүштү.