ТОКТОМУ № 10/1
Жан-Булак айылы 21-ноябрь 2023-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги №85 жарлыгынын 4-пунктуна ылайык максаттуу трансфетке түшкөн 10 000 000 (он миллион ) сом акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы X кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Республикадан максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатынын сметасы жергиликтүү тургундардын жана жергиликтүү кенештин чечимине ылайык айыл чарбасына техникаларды алуу үчүн 10 000 000(он миллион) сом акча каражаты төмөндөгүдөй бекитилсин
1.Озү жүктөөчү техника (погрузчик) – 5 500 000(беш миллион беш жүз)сом
2.МТЗ 952 – 2 970 000(эки миллион тогуз жүз жетимиш мин )сом
3.Силос жыйноочу комбайн -1 530 000(бир миллион беш жүз отуз мин )сом
Жалпы баары 10 000 000 (он миллион)сом.
2.Жогоруда каралган акча каражаты өз багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн финасы –экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага тапшырылсын.
Тѳрага Э.Мамбеткулов