Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 8/1
Жан-Булак айылы 05-октябрь 2023 жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгына ылайык, Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү максатында, Жан-Булак айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын VIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы «Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө» №215 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
- Жан-Булак айыл аймагынын калкынын саны 3426 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктардын катышуучу өкүлдөрдүн жалпы саны 40 деп бекитилсин.
- Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарын өткөрүү боюнча Регламенти №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
- Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак, Достук айылдарына калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо менен пропорционалдуу шайлансын (№3 тиркемеге ылайык).
- Жан-Булак айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү 2023-жылдын 16-октябрынан 20-октябрына чейин белгиленсин (№4 тиркемеге ылайык).
- Элдик Курултайга делегат шайлоо боюнча Жан-Булак айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү 2023-жылдын 18-ноябры деп белгиленсин (№ 5 тиркемеге ылайык).
- Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл башчыга жана жумушчу топко жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
- Ушул токтом каттоодон өткөрүлүп, веб-сайтка жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүү жооптуу катчы Г.Маматбаевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Э.Мамбеткулов