Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын
VI кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ №6/2
Жан-Булак айылы 30- август 2023- жыл
Жан-Булак айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча сектор башчысы А. Жолдошбековдун кайрылуусун талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин XXVIII чакырылышынын VI кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 3-апрелиндеги “Айыл аймактарынын денгээлинде пилоттук режимде административдик аймактык реформа жѳнүндѳ” №85-Жарлыгын жетекчиликке алуу менен “Достук” жана “Жан-Булак” айыл аймактары бириккендигине байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы Президенттин №54 Жарлыгын “Айыл аймактарда үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп адаттарын тартипке келтирүү боюнча” кабыл алынган Жобого толуктоо киргизүү жѳнүндѳ Жарлыгын аткаруу максатында Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн Жобосу бекитилсин (Тиркеме тиркелет 2 баракта).
- Кабыл алынган токтомду жана Жобону кѳзѳмѳлгѳ алып аткаруу жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча сектор башчысы А. Жолдошбековго жүктѳлсүн.
Тѳрага Э.Мамбеткулов.
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
VI кезексиз сессиясынын 2023-жылдын
30-августундагы №6/1 токтомунун
№1 тиркемеси
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүндѳ үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби жѳнүндѳ
ЖОБО
- Жалпы жоболор
- Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
- Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби
- Ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби
- Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү ирээтке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү комиссиялар жана кызмат адамдары
- Айыл аймакта түзүлгѳн комиссия
- Жобонун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1.Жалпы жоболор
1.1. Бул Жобо “Кыргыз Республикасында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жѳнүндѳ” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ №54 Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын ѳзгѳчѳлүгүн жана салтын эске алып иштелип чыгарылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. Жобонун максаты Достук жана Жан-Булак айыл аймактарындагы үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана сѳѳк коюу ырым жырымдарын ѳткѳрүүнү ирээтке келтирүү жана аларды ѳткѳрүүдѳ убаракерчиликке ысырапкорчулукка, ашыкча чыгымга ѳзүн кѳрсѳтүүгѳ умтулууга, коомду бай-кедей деген катмарлардын бѳлүнүүсүнѳ алып келбѳѳгѳ чакыруу жана ата-салтына жат терс жѳрѳлгѳлѳрдүн күнүмдүк турмушта жайылышына бѳгѳт коюу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кенири жайылтуу менен биргеликте ысырапкорчулукка бѳгѳт коюу болуп эсептелет.
2.Жобону иштеп чыгуунун, кабыл алуунун жана күчүнѳ киргизүүнүн тартиби
2.1. Достук жана Жан-Булак айыл аймактарындагы үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү ирээтке келтирүү жѳнүндѳ жобону иштеп чыгуу үчүн айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл ѳкмѳт кызматкерлеринин, жергиликтүү кенештин депутаттарынын, ардагерлер, жаштар жана аялдар уюмдарынын, аксакалдар сотунун, диний уюмдардын, ѳкмѳттүк эмес уюмдардын ѳкүлдѳрүнѳн турган жумушчу тобу түзүлѳт.
2.2. ушул Жобонун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан Жобонун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга таанышууүчүн такталарга илинет, айыл ѳкмѳттүн сайттарына жайгаштырылат. Жеке тараптардан, коом тарабынан берилген сунуштар эске алынып, Жобонун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан Жобо жергиликтүү Кенештин сессиясында бекитилет.
2.3. Жобону бекитүү жѳнүндѳ жергиликтүү кенештин токтому белгиленген тартипте жергиликтүү Кенештин сайттарына юстиция органында мамлекеттик катттодон ѳткѳрүлѳт.
2.4. Жобо ага кызыккан жарандарга айыл ѳкмѳтү же жергиликтүү Кенеш тарабынан токтоосуз ьааныштырылат.
3.Үй-бүлѳлүк салтанаттарды ѳткѳрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлѳлүк салтанаттарда ( бешик тою, тушоо кесүү, баланы сүннѳткѳ отургузуу, нике-үйлѳнүү, куда тосуу, маараке салтанаттары болгон учурда комиссиянын кенеши менен той ээлери мүмкүнчүлүгүнѳ жараша, ашыкча чыгымсыз комиссиянын уруксаты менен ѳткѳрүлѳт жана эн кѳп дегенде 2 майда жандык союуга уруксат берилет.
- Ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнүн тартиби
4.1. Ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчилтик, жетилик, кыркылык) ѳткѳрүүдѳ каза болгон күнү 1 (бир) бодо, куран окутууга 2 (эки) кой союуга комиссиянын уруксааты менен берилет.
4.2. Ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарда мал союуну эске албаганда айыл аймактарда калганы калган жергиликтүү эрежелер жана ьиртип боюнча ѳткѳрүлѳт.
- Үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү ирээтке келтирүүчү кѳзѳмѳлдѳѳчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жобого ылайык үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүүнү ирээтке келтирүүчү, кѳзѳмѳлдѳѳчү органдардфн кызмат адамдарына Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы, жергиликтмм комиссия кирет.
Бардык комиссия ѳзүлѳрүнүн ишин документтештиришет.
- Жан-Булак айыл аймагында түзүлгѳн комиссия
6.1. Жан-Булак айыл аймагынын жана кошулган Достук айыл аймагынын комиссия курамы түзүлѳт. Анын курамына айыл ѳкмѳттүн кызматкерлери, жергиликтүү Кенештин депутаттары, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмунун, укук коргоо органдарынын жана жергиликтүү коомдоштуктун ѳкүлдѳрү кирет. Комиссия айыл ѳкмѳттүн буйругу менен бекитилет.
6.2. Аймактагы комиссия мүчѳлѳрү үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эскерүү ырым-жырымдарын ѳткѳрүп жаткан жерге чогуусу менен барып Жобонун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга каттоо жүргүзүп, Жобонун талаптарын аткарылышына мониторинг жана кѳзѳмѳл жүргүзѳт (же АКТ түзѳт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата (коомдук куткаруу чарасын) чара кѳрѳт.
- Жобонун талаптарын бузгандыгы үчүн жоопкерчилик
Жан- Булак айыл аймагында үй-бүлѳлүк салтанаттарды жана ѳлгѳндү эске алуу ырым-жырымдарын ѳткѳрүү боюнча Жобонун талабын бузгандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жѳнүндѳ кодексинде, жергиликтүү жамааттын уставында жана айылдын ички мыйзамдарында жана эркиндиктеринде каралган коомдук алдын алуу борборлорунда (элдик курултайлардын жыйындары, жергиликтүү Кенеш тарабынан кабыл алынган) кабыл алынган жазалардын ѳлчѳмдѳрү, салынган айыптарды тѳлѳѳ мѳѳнѳтү жана күнү каралат.
Жооптуу катчы Г.Маматбаева