Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын
IX кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 9 /1
Жан-Булак айылы 12-октябрь 2023-жыл
Жан-Булак айыл өкмөтүнүн бюджетине айыл чарба багытындагы жер салыгынан түшүүчү каражат Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинетинин 309-токтомунун негизинде республикадан которулган (максаттуу трансферт) акча каражатын бөлүү жөнүндө .
Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Боскунчиев Улан Бейшенбековичтин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын IX кезектүү сессиясы токтом кылат :
1.Республикадан максаттуу трансфертке түшкөн акча каражатынын сметасы башкаруу аппаратына 247 100 (эки жүз кырк жети мин бир жүз ) сом айылдык китепканасына 42 800 (кырк эки мин сегиз жүз) сом.Жалпы 289 900 сом акча каражаты бекитилсин.
2.Жогоруда каралган каражат өз багыты боюнча пайдаланууну көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн ФЭСО бөлүмүнүн башчысы Казыбек кызы Анарага жана АК бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Э.Мамбеткулов