Жан – Булак айылы 16-апрель 2024 – жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХXVIII- чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
№ 14/5 Токтому
Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы №30 кесиптик окуу жайына караштуу имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына алууга макулдук берүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы №30 кесиптик окуу жайына караштуу имараттарды айыл өкмөтүнүн балансына алуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XIV- кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы №30 кесиптик окуу жайына караштуу имараттарды Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансасына алууга макулдук берилсин.
2.Кабыл алынган чечимдер боюнча тиешелүү документтердин топтомун белгиленген тартипте Нарын райондук мамлекеттик администрацияга даярдап берүү жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.
Тѳрага Б.Ормокеев