Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХXVIII- чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын № 14/4 Токтому

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин   ХXVIII-   чакырылышынын кезексиз XIV  сессиясынын  № 14/4  Токтому

 

Жан-Булак айыл                                                                                                                                 16- апрель  2024-жыл                                                                         

Жан-Булак айылында  Айыл чарба жумуштарынын бааларын  жана мал багуучулардын көчүп конуусу боюнча  графиктерин аныктоо жана  малдын багуусунун бааларын бекитүү  жɵнүндɵ 

         Жан-Булак айыл  аймагынын  2024-жылдын 11-апрелиндеги  жалпы чогулушунун                № 2 пртоколунун, Достук  айылынын № 3 протоколунун  негизинде  Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү кенештердин депуттарынын статусу жɵнүндɵ”Мыйзамынын 34-беренесинин 2-пунктуна  ылайык  угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышындагы XIV- кезексиз  сессиясы токтом кылат:

  1. 2024-жылдын 5-апрелиндеги жалпы чогулушунун протоколунун негизинде айыл  чарба  жумуштарынын   баалары тɵмɵндɵгү  баада бир гектар жер аянтына  бекитилсин
  • Жер айдоо  дын жер  1500 (Бир мин беш жүз )сом, күйүүчү майы 30 литр

Аныз жер -1300 (Бир мин үч жүз )сом , күйүүчү майы 25 литр

  • Тырмоо 650(алты жүз элүү ) сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Эки жолу тырмоого -1300(Бир мин үч жүз )сом, күйүүчу майы -15 лтр
  • Себүү 650 (алты жүз элүү) сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Арык тартуу 250 сом, күйүүчү майы келишим менен,ɵстɵн арык метри 5 сом майы ичинде
  • Дан-эгин чабуу 2000 сом, күйүүчү майы 20 – литр
  • Жатка менен чөп чабуу  1500 сом, майы 10 литр
  • Чөп тартуу Нарын шаарына  1 боого 20- 25 сом ылдыйкы бригада, өйдөкү бригада боюнча
  • Айыл ичине чөп тартуу 8 сом
  • Чɵп престөө(бир пресс үчүн)   8 сом, күйүүчү майы 10 литр
  • Дан эгин кара сугат 3000  сом
  • Көп жылдык чөп сугаруу 2000 сом. Келишим менен.
  • Погрузчик -2000с 20литр майы менен,1,5 саатка моточас
  • Жүгөрү жыйнай турган комбайн  -чабуу алдында чечилет
  1. Жан-Булак айыл аймагында мал багуу,кɵчүп конуу .чабандардын мал багуудагы кызмат акысы  тɵмɵндɵгүдɵй  баада           бекитилсин
  • Майда жандык (кой, эчки) бир башка – 55 (элүү беш) сом,
  • Бодо мал башына – 400 (тɵрт жүз) сом .
  • Баданы 25-апрелде чыгаруу , токойго, ɵзүнүн жерине аркандагандарга тыюу салынат.Штраф -1000с.
  • Корук 20 -25 -апрелге чейин кɵчүрүү,
  • Чон жайлоого кɵчүрүү –айыл ичинен кɵчүрсɵ 10000 с,ички жайыттан алып кетсе 12000
  1. Жан-Булак айыл аймагындагы жергиликтүү керектѳѳчүлѳрүнѳ сапаттуу ичүүчү сууну үзгүлтүксүз берүүнү ,ирригациялык системаларын .жайыт инфраструктурасын жакшыртуу ,тазалык кызматтарына тарифтерди чыгымдарга ылайык келтирип , “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын  таза суу ,сугат суу тазалык ,жайыт жана башка кызмат кѳрсѳтүүлѳрүнүн төлөмдөрү төмөндөгүдөй өлчөмдө жүргүзүлсүн
  2. Жергиликтуу жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына – 150 сом.

-Кой-эчкинин бир башына- 18 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 90 сом.

              2.Сырттан келген жайыт пайдалануучулар үчүн:

-топоз(чон) бир башына – 300 сом..

-Кой жана эчки бир башына – 40 сом.

-Жылкы,уй бир башына- 200 сом

              3.Ирригация системаларын  колдонуучулар үчүн.

1га суугат  суу үчүн – 400с

Огород үчүн  – 50с

            4.Ичүүчү суу менен камсыздоо

4.1Чарбалык обьектилер :

Мектеп-400с (айына)

Бала бакча -300с (айына)

ФАП – 200с(айына)

Баня  – 600с (айына)

Мал бордоо- 400(айына)

4.2 Ар  бир түтүн үйүнѳн суу чыгаргандар -200с

Суу түтүгүнѳн алгандар  -100с

           5.Тазалык жыйымы үчүн

 5.1 Ар бир түтүн – 100с

5.2  Жан-Булак айыл аймагындагы төмөндөгү чарбалык обьектилер 1 жылга төлөнүүчү тазалык жыйымы киши башына 250сом өлчөмүндө бекитилсин.:

Ат-Башы ГЭС,А.Жутакеев  орто мектеби ,Достук орто мектеби  , “Умсунай-Апа” , “Жылдыз ”бала бакчалары, Башкаруу аппараты , айылдык клуб жана айылдык китепкана

4.Жайыт комитети малчыларды айыл аймактан  25-апрелден баштап кɵчүп кетүүсүн ,ал эми чон  жайытка 1-июлга чейин кɵчүүсүн жана күз мезгилинде 10-октябрдан баштап айыл аймакка кɵчүп  келүүсүн тыкыр кɵзɵмɵлгɵ алуу жагы милдеттендирилсин.

4.Мыйзам бузган учурларда административдик айып салынары эскертилсин.

 

Тɵрага                                                                                                                                                         Б.Ормокеев

 

 

 

Leave a Reply