Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ХXVIII- чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын № 14/3 Токтому

Жан – Булак айылы                                                                                                                        16-апрель  2024 – жыл     

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин

ХXVIII-   чакырылышынын кезексиз XIV  сессиясынын

№ 14/3  Токтому

 

Бириктирилген Жан-Булак  айыл аймагынын административдик чек арасынын

аныктоо  жөнүндө

         Нарын облусунун Нарын районунун Жан-Булак айыл аймагынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин “Кыргызмамжердолбоор” мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Жан-Булак  айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасын карап чыгып, жана талкуулап  Жан-Булак айыл аймагынын  айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XIV- кезексиз сессиясы  токтом кылат:

1.Жан-Булак жана Достук айыл аймактарын бириктирип ,Жан-Булак айылын административдик борбор деп аныктоо менен Жан-Булак айыл аймагы түзүлгөндүгү белгиленсин.

2.Бириктирилген Жан-Булак айыл аймагынын административдик чек арасынын схематикалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

3.Кабыл алынган чечимдер  боюнча тиешелүү документтердин топтомун  белгиленген тартипте Нарын райондук  мамлекеттик администрацияга  даярдап берүү жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы  У.Боскунчиевге тапшырылсын.

 

 

     Тѳрага                                                                                                                                          Б.Ормокеев

 

Leave a Reply