Жан – Булак айылы 16-апрель 2024 – жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин
ХXVIII- чакырылышынын кезексиз XIV сессиясынын
№ 14/2 Токтому
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жанаНарын областары боюнча аймактык бөлүмү Нарын районунун Жан-Булак жана Достук айыл өкмөтүндө 2021-жылдын 1-январынан тартып 2022-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына өткөрүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиттин жыйынтыгы боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XIV- кезексиз сессиясы токтом кылат:
1.Жан-Булак айыл аймагынын эмгек акыга берилген аванс өз убагында өндүрүлcүн, тиешелүү документ тиркелсин.
2.Достук айыл ɵкмөтү боюнча зыяндуулук боюнча кошумча төлөм өндүрүлсүн квитанция тиркелсин.
Мамлекеттик сатып алуу боюнча мыйзам талаптары так сакталсын.
3.Достук айыл өкмөтү кайра уюшулуп (реорганизация) Жан-Булак айыл өкмөтүнө кошулгандыктан мыйзам талаптары так сакталып, мамлекеттик сатып алуу боюнча адис Кубатбек кызы Бубужамалга жана бөлүм башчы Казыбек кызы Анарага милдеттендирилсин.
4.Бул токтомдун аткарылышы жана мындан ары финансылык мыйзам,мамлекеттик сатып алуулар мыйзамына жол бербоо үчүн жалпы жоопкерчилик айыл өкмɵтүнүн башчысы У.Боскунчиевге калтырылсын.
Тѳрага Б.Ормокеев