Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 12/5
Жан-Булак айылы 26-январь 2024-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата
иш планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө айылдык кеңешинин төрагасынын 2024-жыл үчүн иш-планын угуп, талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXVIII чакырылышынын XII кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы жана уюштуруу массалык иштери бекитилсин. (№1 тиркемеге ылайык).
- Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы туруктуу комиссиялардын төрагалары жана айылдык кенештин катчысы тарабынан аткарууга алынсын.
- Токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага Э.Э. Мамбеткулов
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык
кеңешинин XXVIII чакырылышынын
XII кезектүү сессиясынын 2024-жылдын
26-январындагы №12/5 токтомунун
№1 тиркемеси
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин 2024-жылга карата иш планы
№ | Жан-Булак айылдык кенешинин сессиясында каралуучу негизги маселелер | Аткаруу мооноту | Жооптуу адам, Аткаруучу орган, мекеменин же уюмдун жетекчиси | Маселе боюнча жоопту, кенештин туруктуу комиссиялары |
1 | Социалдык экономикалык өнүгүү программасынын жана жергиликтүү бюджеттинин аткарылышы тууралуу жарым жылдык Жан- Булак айыл өкмөтунун башчысынын отчету | 1-квартал | Жан-Булак айыл айыл өкмөтүнүн башчысы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: |
2 | Айылдык кеңештин 2024- жыл үчүн иш планын бекитүү | 1-квартал | Жан-Булак айылдык кенешинин төрагасы , жооптуу катчы | Жан – Булак айылдык кенешинин бардык туруктуу комиссиялары |
3 | Жан-Булак айылдык кенеш тарабынан берилүүчү ардактуу атуул наамын жана сыйлоолордун жобосун иштеп чыгуу менен бекитүү | 1-квартал | Жанбулак айылдык кенешинин төрагасы, жооптуу катчы | Регламент, депутаттык этика, мандат, укук жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссия |
5 | Айылдык окмотунун 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү | 1-квартал | Төрага, жооптуу катчы, Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы |
6 | Ичүүчү таза суу пайдалануучула рынын тарифтик өлчөмүн карап чыгуу | 2-квартал | Төрага, жооптуу катчы. Таза-суу муниципалдыкиш канасы. Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
7 | Жан-Булак айыл аймагына келген грант проект жана башка булактар менен иштешуу | 2-квартал | Жанбулак айыл окмот башчысы Кенештин торагасы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
8 | Инвестиция тартуу жана жергиликтуу жамааттагы адамдардын, ишкерлердин салымы | 2-квартал | Жанбулак айыл окмот башчысы Кенештин торагасы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссиясы. |
9 | МИ жетекчисинин сунушу менен жайлоого кетүүчү мал жандыктардын салыгынын жана жазгы-кузгу айдап себуу, жыйым-терим тарифтик өлчөмүн бекитүү | 2-квартал | Айыл окмоту, МИ жетекчиси | Баардык комиссиялар |
10 | Жан-Булак айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин максаттуу пайдаланууну жана ирригация системасын жакшыртуу экологияны коргоо боюнча иш чаралар | 2-квартал | Айыл окмот башчысы, Кенештин депутаттары | Айыл окмот башчысы, кенештин депутаттары |
11 | Бюджеттин 2024- жылдагы кирешелер жана чыгашалар боюнча жарым жылдык планынын аткарылышы жөнүндө | 3-квартал | Жанбулак айыл окмотунун башчысы Төрага, жооптуу катчы Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия |
12 | Жан-Булак айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы бюджетинин кирешелер, чыгашалар боюнча аткарылышы жана 2025- жылга бюджеттин болжолдуу долбоорун кароо | 4-квартал | Жанбулак айыл окмотунун башчысы Төрага, жооптуу катчы, Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия |
13 | Жанбулак айыл өкмөтүнүн МИ 2024- жылдагы киреше, чыгаша жылдык отчетун угуу | 4-квартал | Муниципалдык ишканалардын жетекчилери Жанбулак айыл окмоту | Бюджет, экономика боюнча туруктуу комиссия |
14 | Айылдык кенештин туруктуу комиссияларынын жылдык отчетун угуу | 4-квартал | Баардык туруктуу комиссиялар | Баардык туруктуу комиссиялардын торагалары |
15 | Жан-Булак айыл аймагын социалдык – экономикалык жактан өнүгүү боюнча 2024- жыл үчүн программасынын аткарылышы боюнча отчет | 4-квартал | Айыл өкмөт башчысы | Бюджет, экономика иштери жана жергиликтүү жыйымдар боюнча туруктуу комиссия: |
- Уюштуруу-массалык иштер
1.Айылдык кенештин депутаттарынын билимин жогорулатуу максатында окуу семинарларга катышуу. Дайыма, жыл ичи
2.Жарандардын кайрылуулары жана арыз даттануулар менен иш алып баруу
Дайыма, жыл ичи
3.Коомдук угууларды, бюджеттик угууларды уюштуруу. Дайыма, жыл ичи
4.Кесиптик майрамдарды жана башка дааталуу күндөрдү белгилөө жана айылдык кеңештин сыйлыктарын берүү, спорт оюндарын түрүн уюштуруу зарылдыгын жараша, жыл ичи
5.Депутаттардын шайлоочулары менен жолугушуусун уюштуруу зарылдыгына жараша, жыл ичи
- Айылдык кеңеш тарабынан кабыл алган токтомдордун аткарылышын көзөмөлдөө дайыма
- Инвестиция тартуу жана инвесторлорго жагымдуу жагдайларды түзүү, донорлор менен иш алып баруу. Дайыма, жыл ичи
Жооптуу катчы Г.Маматбаева