Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышынын
ⅠⅩ кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 9 /3
01-сентябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу “Эделвейс ” Муниципиалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүнɵ караштуу “Эделвейс ” Муниципиалдык ишканасынын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын аутсорсингге өткөрүү жөнүндө сунушун, ошондой эле бухгалтердик эсеп жүргүзүүдө чыгымдарды оптималдаштыруу жана сапатын жогорулатуу зарылдыгын карап чыгып, талкуулап Жан-Булак айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын ⅠⅩ кезексиз сессиясы токтом кылат:
- “Эделвейс ”Муниципиалдык ишкананын бухгалтердик эсеп жүргүзүү функциясын 2025-жылдын 1-октябрынан баштап аутсорсинг негизинде өткөрүлсүн.
- Кызмат көрсөтүүчү уюмду тандоо мыйзамда белгиленген тартипте тендер/конкурс аркылуу жүргүзүлсүн.
- Аутсорсинг кызматын көрсөтүүчү уюм менен келишим түзүүдө каржылык отчеттуулуктун тактыгын жана жоопкерчиликти камсыз кылуучу талаптар милдеттүү түрдө каралсын.
- Бул токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлдɵɵ айыл ɵкмɵтүнүн башчысына тапшырылсын жана жыл сайын жергиликтүү кеңешке маалымат берип турсун.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл чарбасы, токой чарба, суу чарба, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, жер,муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары К.Арстанбеков
