Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
XVI кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 16/3
23-декабрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан
Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 22-декабрындагы элдик жыйындын №14 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XVI кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 735 000 (бир миллион жети жүз отуз беш мин) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук жалпы билим берүү мектебине инвентарларды алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
