Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          XVI кезектүү  сессиясынын ТОКТОМУ № 16/2

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын         

XVI кезектүү  сессиясынын

ТОКТОМУ № 16/2

 

23-декабрь 2025-жыл                                                                                                                                     Жан-Булак айылы   

           

Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Экскаватор) алуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражатын кароо  жөнүндө

 

      Жан-Булак  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Экскаватор) алуу   боюнча долбоорун жактыруу  жана акча каражатын кароо максатында жана айыл тургундарынын  2025-жылдын 22-декабрындагы       элдик жыйындын №13 протоколунун  негизинде   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын  XVI кезектүү   сессиясы токтом кылат:

                 

  1. Нарын райондук  Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 11 000 000 (он бир миллион ) сомду түзгѳн  Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Экскаватор) алуу  боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.

 

  1. Жан-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө атайын оор техника (Экскаватор) алуу  боюнча долбооруна  жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 880 000(сегиз жүз сексен мин) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.

 

  1. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.

 

  1. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                                                                     А.Өзгөрүшова

Leave a Reply