Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
XVI кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 16/1
23-декабрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегиндеги паркты ремонттон өткөрүү жана айланасын жакшыртуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражаттарын кароо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегиндеги паркты капиталдык ремонттон өткөрүү жана айланасын жакшыртуу боюнча долбоорун жактыруу жана акча каражатын кароо максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 22-декабрындагы элдик жыйындын №12 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XVI кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 9 068 022 (тогуз миллион алтымыш сегиз мин жыйырма эки ) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегиндеги паркты капиталдык ремонттон өткөрүү жана айланасын жакшыртуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
- Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегиндеги паркты капиталдык ремонттон өткөрүү жана айланасын жакшыртуу боюнча долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен өздүк салым катары 725 442 (жети жүз жыйырма беш мин төрт жүз кырк эки) сом акча каражаты артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан айылдык клубдун тегерегиндеги паркты капиталдык ремонттон өткөрүү жана айланасын жакшыртуу боюнча долбоорго техникалык көзөмөл жүргүзүүчүнү жалдоого 90 680 (токсон мин алты жүз сексен) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
