Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
XV кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 15/1
18-декабрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айылында жайгашкан Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 18-декабрындагы элдик жыйындын №09 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XV кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 350 000 (бир миллион үч жүз элүү мин ) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө күн панелдерин алуу боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым А.Өзгөрүшова
