Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 13/4
11-ноябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айлында жайгашкан Достук орто мектебинин алдын брусчаткалоо жана тегерегин тосуу максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 25% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышынын ХIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 3 929125 (үч миллион тогуз жүз жыйырма тогуз мин бир жүз жыйырма беш ) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан Достук орто мектебинин алдын брусчаткалоо жана тегерегин тосуу боюнча долбоору жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 982 300 (тогуз жүз сексен эки мин үч жүз) сом акча каражаты 2026-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевге жана бөлүм башчынын милдетин аткаруучу Чокоева Наргизага милдеттендирилсин.
Төрайым А.Өзгөрүшова
