Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          XIII кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 13/1

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          XIII кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ № 13/1

  11-ноябрь 2025-жыл                                                                                                               Жан-Булак айылы          

 

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине  инвентар алуу  боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө

 

Жан-Булак  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине инвентарь алуу   боюнча долбоорун жактыруу  максатында жана айыл тургундарынын  2025-жылдын 10-ноябрындагы      элдик жыйындын №07 протоколунун  негизинде   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын   XIII кезексиз сессиясы токтом кылат:

                 

  1. Нарын райондук  Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 900 000(тогуз жүз мин) сомду түзгѳн  Жан-Булак айыл аймагына караштуу Т.Апсалиев атындагы спорт комплексине инвентарь алуу   боюнча долбоору жактырылсын.
  2. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрайым                                                                                                                       А.Өзгөрүшова

Leave a Reply