Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын XIII кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 13/5
11-ноябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын бюджетинин эсебиндеги каражаттан 2025-жылдын планына ылайык пайдалануу багытын аныктоо жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагына Жан-Булак айылында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдөн өткөрүү максатында Республикалык дем берүүчү гарнттка сунуштоо жана 30% өздүк салымын бөлүп берүү тууралуу Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIХ чакырылышынын ХIII кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жөнүндө жобосуна ылайык, жалпы сметалык наркы 1 481 500 (бир миллион төрт жүз сексен бир мин беш жүз) сомду түзгөн Жан-Булак айыл аймагында жайгашкан кичи футболдук аянтчаны ондоп түзөөдүн өткөрүү боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
- Жогорудагы долбоорду ишке ашыруу максатында өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 444 450 (төрт жүз кырк төрт мин төрт жүз элүү ) сом акча каражаты 2025-жылдын бюджетинен артыкчылыктуу негизде бөлүнүп берилсин.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жагы Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы К.Токторалиевге жана бөлүм башчынын милдетин аткаруучу Чокоева Наргизага милдеттендирилсин.
|
Төрайым |
А.Өзгөрүшова |
