Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/4
Жан-Булак айылы 4-апрель 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагына тиешелүү ѳстѳн арыктарды тазалоо жɵнүндɵ
Жаз келип, жазгы талаа, сугат иштери башталгандыгына жана Жан-Булак айыл аймагындагы элдин суроо талаптарына байланыштуу тез убакыттын ичинде ѳстѳн арыктарды казуу маселеси келип чыккандыктан бул ишти колго алып, ѳстѳн арыктарды казуу боюнча ыкчам иш алып баруу боюнча талкууну угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезектүү сессиясы токтом кылат;
- Жаз келип, жазгы талаа, сугат иштери башталгандыгына байланыштуу айыл ичиндеги ички каналдар тазаланып, сугат иштерине даярдык кѳрүлсүн.
- Жан-Булак айыл аймагынын тургундарынын суроо талаптарына ылайык тез убакыттын ичинде ѳстѳн арыктарды казуу маселеси келип чыккандыгына байланыштуу, “Эделвейс” муницпалдык ишканасына бѳлүнгѳн субсидиянын негизинде бул ишти колго алып, ѳстѳн арыктар боюнча ыкчам иш алып баруу жагы Жан-Булак айыл аймагынын “Эделвейс” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э. Мамбеткуловго жүктѳлсүн.
- Токтомдун аткарылышын кɵзɵмɵлгɵ алуу жана бул боюнча тиешелүү иштерди аткаруу жагы Жан-Булак айыл аймагынын айыл ɵкмɵт башчысы У.Боскунчиевге тапшырылсын.
Тɵрага С. Акматов
