Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/3
Жан-Булак айылы 4-апрель 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагына байланыш бɵлүмүнүн имаратын курууга жер аянтын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Жан-Булак айыл аймагынын Жан-Булак айылына байланыш бɵлүмүнүн имаратын салууга 0,2 га жер аянтын бөлүп берүү жөнүндө Жан-Булак айыл аймагынын жер, агрардык, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис А.Абдыжапаровдун билдирүүсүн угуп талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин ⅩⅩⅠⅩ чакырылышындагы Ⅴ кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагына караштуу Жан-Булак айылынын А.Белеков көчөсүндө жайгашкан айыл өкмөтүнө тиешелүү №4-05-07-1001-0084 кодундагы муниципалдык жер аянтына байланыш бɵлүмүнүн имаратын курууга 0,2га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
- Жан-Булак айылына байланыш бɵлүмүнүн имаратын куруу үчүн жер аянтынын иш кагаздарын бүткɵрүү жагы Жан-Булак айыл аймагынын жер, агрардык, жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча жетектөөчү адис А.Абдыжапарого тапшырылсын.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы,токой чарба ,суу чарба ,жашылдандыруу ,кɵрктɵндүрүү ,жер ,муниципалдык менчик ,архитектура ,курулуш , транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын тɵрагасы Н.Калдеевге милдеттендирилсин.
Төрага С.Акматов
