Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXIX чакырылышынын V кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 5/1
Жан-Булак айылы 4-апрель 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба айыл чарба департаменти тарабынан үрөн чарбалык ,асыл тукум жана артыкчылыктуу субьектилерге багытталган 50% айдоо жер аянтынын коэффиценттин бекитүү жөнүндө.
Жан-Булак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба айыл чарба департаменти тарабынан үрөн чарбалык ,асыл тукум жана артыкчылыктуу субьектилерге багытталган 50% айдоо жер аянтынын коэффиценттин бекитүү жөнүндө Жан-Булак айыл аймагынын жер,агрардык ,жайыт жана айыл чарба маселелери боюнча жетектɵɵчү адис А.Абдыжапаровдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин XXIX чакырылышындагы V кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагындагы мамлекеттик фондунун жерлерин Нарын райондук айыл чарба айыл чарба департаменти тарабынан үрөн чарбалык ,асыл тукум жана артыкчылыктуу субьектилерге багытталган 50%айдоо жер аянты өткөрүп алынып мөөнөтү бүткөн жер аянттары конкурска коюлуп ,ижарага берүү акысынын өлчөмү төмөнкү формуланын негизинде берилсин ;
НА1-Н1 х КЯ-1га жердин пайдалангандыгы үчүн ижара акысынын суммасы
Сб -жер салыктын ставкасы
К-барабар коэффициент
30-чындыгында сугарылган жер
20—жерди сугаруу кыйын
10-сугаруунун жоктугу
Бул градация сугат айдоо жерлери үчүн гана колдонулгандыктан калган учурларда 30 деген
колдонулаарын эске алып :
-30 коэффициент менен сугарылган жер аянтынын баасы 1 га жер 6540 (алты мин беш жүз кырк )сом.
- Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Акматов
