Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын ТОКТОМУ № 9/6

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын          IX кезексиз сессиясынын

ТОКТОМУ № 9/6

 

01-сентябрь 2025-жыл                                                                                        Жан-Булак айылы                                                                                

           

Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө инвентарларды  алуу  боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө

 

      Жан-Булак  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айылында жайгашкан Ж.Ишеналиев атындагы маданият үйүнө инвентарларды  алуу   боюнча долбоорун жактыруу  максатында жана айыл тургундарынын  2025-жылдын 22-августундагы      элдик жыйындын №07 протоколунун  негизинде   Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын   IX кезексиз сессиясы токтом кылат:

                 

  1. Нарын райондук  Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 1 368 500 (бир миллион үч жүз алтымыш сегиз мин беш жүз) сомду түзгѳн  Жан-Булак айыл аймагына караштуу Ж.Ишеналиев атындагы  маданият үйүнө инвентарларды  алуу   боюнча долбоору бир добуштан жактырылсын.
  2. Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ  жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төраганын орун басары                                                                           К. Арстанбеков

Leave a Reply