Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 9/5
01-сентябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасына инвентар алуу боюнча долбоорун жактыруу жөнүндө
Жан-Булак айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн социалдык-экономикалык муктаждыктарын чечүүдѳ Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасына инвентарь алуу боюнча долбоорун жактыруу максатында жана айыл тургундарынын 2025-жылдын 21-августундагы элдик жыйындын №06 протоколунун негизинде Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Нарын райондук Ѳнүктүрүү фондунун эсебинен долбоорлорду тандоо жана каржылоо жобосуна ылайык, жалпы наркы 873 950(сегиз жүз жетимиш үч мин тогуз жүз элүү) сомду түзгѳн Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан кичи футбол аянтчасына инвентарь алуу боюнча долбоору жактырылсын.
- Бул долбоорду ишке ашырууну камсыздоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөт башчысы К.Токторалиевге милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Жан-Булак айылдык кеңешинин социалдык-экономикалык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын орун басары К. Арстанбеков
