Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясынын
ТОКТОМУ № 9/1
01-сентябрь 2025-жыл Жан-Булак айылы
Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/1 «Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтомуна ѳзгѳртүү киргизүү жѳнүндѳ айыл ѳкмѳт башчысы К. М. Токторалиевдин кайрылуусун карап жана талкуулап, Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын IX кезексиз сессиясы токтом кылат:
- Кыргыз Республикасынын Бюджет кодексинин 109-беренесинин 1-пунктуна ылайык Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кенешинин 28-январь 2025-жылдагы № 3/1«Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджеттин долбоорун бекитүү» жѳнүндѳ токтому менен бекитилген сметада бюджеттик мекемелерге кѳмүр алууга каралган акча каражатынан тендер аркылуу алуудан үнѳмдѳлгѳн:
- А. Жутакеев атындагы орто мектебине кѳмүр отунун алуудан үнѳмдѳлгѳн 140000 (бир жүз кырк мин) сом акча каражатынын 65000 (алтымыш тѳрт мин) сому алыстан барып келип окуган окуучуларды ташууга күйүүчү май алууга, калган 75000 сомун Достук айылынын мектебинин айланасын тостуруу жана кире беришине брусчатка тѳшѳѳ боюнча дем берүүчү грандга ѳткѳрүүгѳ сметасын чийдирүүгѳ (ПСД) жылдырылсын.
- АУПка кѳмүр алуудан үнѳмдѳлгѳн 8500 сомду айыл ѳкмѳткѳ тиешелүү Нива автоунаасына тетиктерди алууга
- «Умсунай апа» бала бакчасына кѳмүр алуудан үнѳмдѳлгѳн 21200 сомду да айыл ѳкмѳткѳ тиешелүү Нива автоунаасына тетиктерди алууга жылдырылсын.
- 2025-жылга карата бекитилген бюджетте маданият кызматкерлерин окутууга деп башка чыгымдарга каралган 15000 (он беш мин) сом акча каражаты жабдууларды жана материалдарды сатып алуу беренесине жылдырылсын.
- Жан-Булак айылынын “Жан-Булак келечеги” бала бакчасына кир жуучу машина алууга каралган 35000 сом акча каражаты “Жылдыз бала бакчасынын” счетуна ортургузулуп берилсин.
- Токтомдун ишке ашырылышын камсыз кылуу жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн бѳлүм башчысынын милдетин убактылуу актаруучусу Н. Чокоевага милдеттендирилсин.
- Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы К. Токторалиевге милдеттендирилсин.
Төраганын орун басары К. Арстанбеков
