Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын
III кезектүү сессиясынын
ТОКТОМУ № 3/6
Жан-Булак айылы 28-январь 2025-жыл
Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы Спорт комплекстинин жер аянтынан балдар ойноочу аянтчага 400 Кв метр жер тилкесин бɵлүп берүү жɵнүндɵ
Жан-Булак айыл аймагынын Достук айылындагы Спорт комплексинин аянтынан балдар ойноочу аянтчасын курууга 400 ч.м жер тилкесин бɵлүп берүү жɵнүндɵ Жан-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы У.Боскунчиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Жан-Булак айылдык кенешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясы токтом кылат:
- Жан-Булак айыл аймагына караштуу Достук айылында жайгашкан 4-05-06-1001-0216 кодду Спорт комплексинин жер аянтынан, чакан балдар ойноочу аянтча курууга 400 кВ метр жер тилкеси бɵлүнүп берилсин.
- Достук айылына балдар ойноочу аянтча куруу үчүн жер аянтынын иш кагаздарын бүткөрүү жагы Достук айылынын айыл башчысы А.Турсунбековго жана айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча жетектөөчү адиси А.Абдыжапаровго тапшырылсын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы У.Боскунчиевге милдеттендирилсин.
Тѳрага С.Акматов
