Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 3/5

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын

III  кезектүү  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 3/5

Жан-Булак  айылы                                                                             28-январь  2025-жыл                                                                              

 

Жан-Булак айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын  төлөмдөрүн  бекитүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын  салыктык эмес кирешелер  жөнүндө кодексинин 75-беренесине ылайык калктуу конуштардын таштандыларын таштап чыгаруу үчүн жыйым төлөмдөрүн  бекитүү максатында  Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын III  кезектүү  сессиясы токтом кылат;

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 76-беренесине ылайык Жан-Булак айыл аймагындагы жеке жана юридикалык жактар-ишкердик иши үчүн арналган имараттардын ээлери жана ишканаларда, мекемелерде иштеген  ар бир жумушчуларга санын эсепке алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө  тазалык жыйымы бекитилсин;

ЖОБ органдарында, жалпы  билим берүү, саламаттыкты сактоо жана  маданият тармагында  эмгектенген  кызматкерлерге, Ат-Башы ГЭСинин кызматкерлерине  бир жылга, киши башына  -100 сомдон;

Айыл аймакта жайгашкан соода түйүндөрүнө, кызмат көрсөтүүчү жайларга(дүкөн, мончо, чач тарач ж.б)  бир жылга,  ар бир чарчы метрине-10 сомдон;

 

  1. Бул токтомду кѳзѳмѳлдѳѳ жагы   Жан-Булак  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге   милдеттендирилсин.

 

 

 

 Тѳрага                                                                                                                       С.Акматов

Leave a Reply