Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин XXIX чакырылышынын III кезектүү сессиясынын ТОКТОМУ № 3/4

Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын

III  кезектүү  сессиясынын

 

ТОКТОМУ № 3/4

Жан-Булак  айылы                                                                             28-январь  2025-жыл                                                                              

 

Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын

 аянтына салыктык ставкасын бекитүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде  Жан-Булак айыл аймагындагы   турак жай имараттарынын аянтына  салыктык ставкаларына өзгөртүү киргизизүү тууралуу айылдык кенешинин төрагасынын  билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Жан-Булак айыл аймагынын айылдык  кеңешинин  XXIX чакырылышынын III  кезектүү  сессиясы токтом кылат;

  1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде  Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын аянтынын салыктык ставкасы  8,41 сом  болуп  бекитилсин.

 

  1. Бекитилген салыктын ставкасы үч жылда бир жолу учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирбестен кайра карап чыгуу жүргүзүлсүн.

 

 

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге   милдеттендирилсин.

 

 

 

 

 Тѳрага                                                                                                                       С.Акматов

Leave a Reply